Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТүп району 07.08.2019 16:31 Жаңыланды: 07.08.2019 18:02 На русском

Өзгөчө ысым: Атымды атам жакшы көргөн кытайлык аялдын атынан койгон, - ысык-көлдүк К.Орозалиева

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат.

Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Түп районунун Михайловка айылынын 64 жаштагы тургуну Орозалиева Кулпархан ысымы тууралуу айтып берди.

«Мен 1955-жылы Кытайдын Монгол-Куре деген айылында төрөлгөм. Атам кытайлык кыргыз болгондуктан ошол жерде төрөлдүк. Беш жашымда ата-энем, бир туугандарым болуп Кытайдан Кыргызстанга көчүп келдик. Кытайда жашап жүргөндө атам жакшы көргөн кошунасынын атынан менин атымды Кулпархан деп коюптур.

Үй-бүлөдө 11 бир тууганбыз (7 кыз, 4 эркек) Улуусу Майраш, андан кийин мен, менден кийин Жаңыл, Гүлнара, Гүлийпа, Кенжегүл, Гүлбарчын, Чолпонбай, Бактыбек, Мирбек жана Таалайбек. Учурда 6 кыз, 3 эркек бир тууганым бар», - дейт Кулпархан Орозалиева.

Анын айтымында, көпчүлүк адамдар аны Купан дешет.

«Атыма көп адамдын тили келбей, мени Купан дешет. Кулпархан десе эч ким тааныбайт. Бир жолу жолдошум экөөбүз куран окуткан жерде отурсак молдо куран окуп баштаган. «Куфуван ахад» деген жерге жеткенде жолдошум жини келе түшүп, «эмне менин аялымдын атын атап жатасың? Куранды кайра башынан туура оку!» деп, кайрадан окутканы эсимде», - деди ал.

Кулпархан Орозалиева жолдошу экөө 5 кыз, 1 уулду тарбиялап чоңойтушканын айтып: «Учурда пенсиядамын. Балдарымдын баары үйлүү-жайлуу болушту, 11 неберем бар», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×