Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.08.2019 17:00

Ысык-Көл облусу боз үйчүлөр мекени макамын алды

Turmush -  Ысык-Көл облусу боз үйчүлөр мекени макамын алды. Бул тууралуу чебер айым Дамира Абдыбекова билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик менен чеберлердин ортосунда меморандумга кол коюлду.

«Биз кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү менен дүйнөгө таанылабыз. Боз үйчүлөр мекени наамын алуу менен биз боз үй жасаган бардык уздардын башын бириктирип, борборлоштурабыз. Жаштар кыргыз элинин кылымдык турак жайын жасоону билиши үчүн атайын Каракол шаарында улан-кыздарды бекер окута баштайбыз. Бардык каалоочулар келсе болот», - деди ал.

Жакынкы арада Каракол шаарында «Боз үй» фестивалы өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×