Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.08.2019 16:01

Каракол шаарында 25 метр бийиктиктеги желек орнотулат

Turmush -  Каракол шаарынын Ж.Абдрахманов жана Пржевальск атындагы көчөлөрүнүн кесилишине мамлекеттик желек илине турган 25 метр бийиктиктеги орун даярдалат. Turmush басылмасынын кабарчысы анын долбоору шаар куруу боюнча кеңешмеде бекитилгенин билдирди.

Шаардык архитектуранын долбоорлоо бөлүмүнүн адиси Дастан Турганбаевдин айтымында, туу орнотулчу айлананын диаметри мурда 22 метр болсо, азыр 30 метрге чоңойтулду.

«Ал темир конструктор болот. 4 метр бийиктиктеги 8 кырдуу атайын курулма болуп, ага 25 метр бийиктиктеги туу орнотулат. Ар бир кырына 7 акенин сүрөтү илинет. Бир капталына шаар тарыхы, шаардын символдору тартылат», - деди ал.

Кеңешменин мүчөлөрү тургундардын коопсуздугун сактоо үчүн аны курчоого алып, ошол аймакка жол сызыктарын да чийүүнү сунушташты. Айрымдары желек илинчү курулманын долбоору Балыкчы шаарындагы желекке окшошуп калганын айтышты.

Балыкчы шаарындагы туунун атайы курулмасы 4 кырдуу болсо, бийиктиги 35 метр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×