Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.07.2019 16:51

Видео — Ысык-Көлдө «Керемет-Суу» эс алуу жайын түрттүрүп жатышат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында «Керемет-Суу» эс алуу жайынын объекттерин түрттүрүү иши жүрүүдө. Мындай иштер Жогорку соттун 2017-жылдын 11-майындагы чечиминин негизинде жүргүзүлүп жатат.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Ысык-Көл райондук прокуратурасы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аталган эс алуу жайына тийиштүү 1,5 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан өзгөчө корголуучу аймак категориясына өзгөртүү боюнча Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-мартындагы чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Прокуратура Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн И.К.Ашировго тиешелүү жерди биринчи калыбына келтирүүнү милдеттендирүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары, прокуратура арыз менен бирге буга чейин болбой калган соттук процесстерди калыбына келтирүүнү суранган. Сотто «Керемет-Суу» ЖЧКнын өкүлдөрү мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу өндүрүш ишин токтотууну суранышты.

Ысык-Көл облусунун райондор аралык соту 2016-жылдын 2-ноябрында прокуратуранын арызын канааттандыруу чечимин кабыл алган. Кийинчерээк Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы 2017-жылдын 15-февралындагы чечими менен райондор аралык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынан «Керемет Суу» эс алуу жайындагы объекттерди ордунан алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын тастыктап, «Керемет-Суу» ЖЧКнын ээси Жалил Ашыров объектилерди алуу иштерин өз эрки менен жүргүзүп жаткандыгын билдиришти.

Мындан тышкары, текшерүү учурунда ээсине 77 миң сом айып пул салынган.

Ал эми «Керемет-Суунун» ээси Жалил Ашыров буга чейин айыл чарба жерине арналган аянты 2012-жылы трансформация кылышкандыгын, учурда ошол чечим жокко чыгарылгандыгын билдирди.

«Айыл чарбага арналган кезде биз 6 миң сом гана салык төлөп келгенбиз. Анан аны трансформация кылдырып, өкмөткө 47 миң сом салык төлөп келгенбиз. Бирок ошол кезде райондук прокурордун алдынан өтпөгөнүбүздөн («отметка») улам өчөшүп алган. Анан трансформация боюнча документти (постановление) сот аркылуу жокко чыгартты. Ошонун аркасында буга чейин курулуш кылып, мыйзамдуу иштеп келгенибиз жокко чыгып, буздуруп жатат. Биз салыкты 47 миң сом төлөп келсек, эми кайра 6 миң сом төлөп калдык. Негизи буга райондук жетекчилик да, ошол кездеги прокурор да бир тараптуу карап койду. Негизи иштеп, салык төлөп жаткан ишкананы токтотуу менен мамлекетке зыян келтирип жатат. Эми өз каалообуз менен бузууга мажбур кылышты. Кайрадан трансформация кылууга аракет кылабыз. Ага облустук администрация жардам беребиз дешти», - деди ал.

Айрым маалыматтарга караганда, бул жайды курууга ээси 42 млн сом жумшаган. Ысык сууга сезон маалында 200 жакын эс алуучу келчү. Анда жергиликтүүлөр үчүн кирүү акысы 100 сом, башкаларга 200 сом болгон. Жайында жергиликтүү 15 тургун иштеп келген.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 2015-жылдын 13-августунда Чоң-Өрүктү айылында жайгашкан «Керемет-Суу» эс алуу жайы жергиликтүү эл тарабынан толугу менен өрттөлүп, жок кылынгандыгы маалымдалган. Ал жерде 3 автоунаа, 1 турак үй, 5 коттедж жана 2 боз үй өрттөлгөн.

Жаңжал эс алуучу жайдын ээсинин жана жергиликтүү тургун Мырзажалил Тажиевдин ортосунда чыккан. Чыр эс алуучу жайга кирүү үчүн төлөнүүчү 200 сом үчүн башталган. Жаңжал чыккан учурда ал жерде анын 1983-1985-1987-жылдары туулган балдары, ошондой эле бир туугандары жана эс алуу жайынын кызматкерлери болгон. Ошол убакта Ашыровдун туугандарынын бири М.Тажиевди оор буюм менен чаап жиберген. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Ошол эле учурда М.Тажиевдин бир туугандары жана Өрүктү, Кичи-Өрүктү айылдарынын тургундары болуп жалпы 350-400 адам чогулуп, эс алуучу жайды өрттөп салышкан. Андан эс алуу жайын иштеткен үй-бүлө 50 млн доллар зыян тарткан.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү, 234-беренесинин 2-бөлүмү жана 174-беренеси менен кылмыш иш козголгон. Шектүү катары эс алуу жайынын ээси жана анын бир уулу кармалган. 1 жыл өткөн соң Ысык-Көл райондук соту аталган иш боюнча чечим чыгарган. Бул иштин башкы фигуранттары 8 жылдан 12 жылга кесилген болчу. Мындан тышкары дагы 5 адам шарттуу жазага тартылган. 3 жыл өткөн соң «Керемет суу» эс алуу жайы калыбына келтирилип, эс алуу жайы мурунку режимде иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×