Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТүп району 30.07.2019 14:21

«Шоопурлардын шору кайнады»: Түптүн жолунан өткөн унаалар талкалана баштады

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булуӊ айылына кетчү жол авариялык абалда, деп билдиришти айдоочулар.

Алардын айтымында, бул жол шиферге окшошуп, ар кайсы жери оюлуп турат.

«Райондогу жол чарба кызматы мыйзам боюнча 1 айда 3 жолу түздөп туруусу керек. Бирок Сары-Булуӊ айылына кетчү жол элдин суранычы менен 3 айда 1 жолу түртүлүшү мүмкүн. Анда дагы топурак гана себилип, ал 3 күндөн кийин чаӊ болуп учуп, жол кайра эле мурдагы калыбына келип калат.

Мындан улам унаалардын кыймылдаткычы бузулуп, тетиктерин 2 айда бир алмаштырабыз. Жол азабынан шоопурлардын шору кайнады», - дейт жергиликтүү айдоочулардын бири.

Маалым болгондой, Түп—Николаевка—Сары-Булуӊ каттамындагы жол 15 чакырымды түзөт. Анын 5 чакырымы союз учурунда асфальтталса, 2 чакырымы 3 жыл мурда жасалган. Ал эми калган 8 чакырым жолдун ар кайсыл жерлери оюлуп, авариялык абалга келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×