Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.07.2019 19:46

Энеси ичкиликке берилип, кароосуз калган 9 жаштагы бала эмгек биржасынан табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында атасы каза болуп, энеси ичкиликке берилген 9 жаштагы Николай Чолпон-Ата шаарындагы SOS-балдар айылына жиберилди. Бул тууралуу Теплоключенка айылынын социалдык кызматкери Гүлнара Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, баланын энесине материалдык жардам көрсөтүлөт.

«РИИБдин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан издөө иштери жүргүзүгөн. Эне-баланын туруктуу жашаган жери жок болгондуктан алар Жети-Өгүз районундагы эмгек биржасында жүргөн жеринен табылды. Социалдык жактан муктаж үй-бүлөгө Теплокюченка айыл аймагы каражат бөлүп, учурда үй-бүлөнүн муктаждыктары чечилип жатат. Буга чейин Николайдын атасынын үйү болгон экен. Алар жарандык никеде жашагандыктан үйүн баланын энесине каттоо жагын карап жатабыз. Бул маселе чечилгенче 9 жаштагы Николайды 25-августка чейин Чолпон-Ата шаарындагы SOS-балдар айылына жибердик», - дейт ал.

Буга чейин 9 жаштагы Николай үйүнө түнөгөнү үчүн эле келери, калган учурда көчөдө кароосуз жүргөндүгү жана батирде жашагандар дайыма арак ичери маалымдалган.

Жергиликтүү активисттер аймакта балдар үйү жок болгондугуна байланыштуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү баланы бул үйдөн алып кете алышпай тургандыгын маалымдашкан.

Бул боюнча Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан: «Бул үй-бүлө 2016-жылдан бери Теплоключенка айлында каттоодо турат, бирок жашаган жерин дайыма өзгөртүп келген. Акыркы убакта аял Сергей жана Николай аттуу балдары менен жашачу. Николай Каракол шаарындагы мектепте окуйт. Быйыл ал 2-классты аяктады. Апасы жумушсуз. Үй-бүлөсүн багуу үчүн жалданып иштейт. Николай тууралуу маалымат социалдык тармакта пайда болгондо эле үй-бүлө жашырынып кеткен. Облус боюнча милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан тактоо жана издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Баланын жүргөн жери аныкталгандан кийин ал SOS-балдар үйүнө жиберилет», - деп билдиришкен.

Акимдин орун басары Гүлзат Суранчиева бала эки жолу реабилитациялык борборго жайгаштырылганын айтат.

«Энеси аны эки жолу тең алып кеткен. Мен мектептин директору менен жеке сүйлөшкөм. Николай аракетчил, жакшы окуйт. Учурда үй-бүлө качып жатат. Биз милицияга жардам сурап кайрылдык. Апасы баласын жакшы көргөндүктөн, аны балдар үйүнө бергиси келбей жатат», - дейт акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×