Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.07.2019 14:38

Жайдын саратанында Жолколот айылынын эли таза суусу жок калды

Turmush -  Ак-Суу районунун Жолколот айылында 3 күндөн бери таза суу жок, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылга суу Каракол шаары аркылуу берилет.

«Жыл сайын жайдын ысыгында таза суу көйгөйү жаралат. Каракол шаарынын «Суу түтүк» ишканасына айына акча төлөйбүз, бирок суу тиешелүү деңгээлде берилбейт. Кир сууну тундуруп ичүүгө аргасыз болуп жатабыз. Үч күндөн бери таза суу жок кыйналып кеттик», - дешти айыл тургундары.

Айыл тургундарынын айтымында, алар таза суу чыгаруу үчүн 2 млн сом чогултушкан. Ага 2 чакырым түтүктөр алмашылып, скважиналар оңдолуп, суу чыгаруучу насостор алынган.

«Таза суу чыгаруу иштерин элдин жардамы менен бүтүрдүк. Бирок айылга тиешелүү суу топтоочу жай жайгашкан жер Караколго өтүп кеткен. Ушул маселени шаардык кеңештин депутаттары чечип берсе, 500 куб суу тазалоо жайы иштесе, суу тартыштыгы болбойт эле», - дейт Октябрь айыл аймагынын башчысы Б.Акмолдоев.

Жолколот айылында 4 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×