Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТоң району 26.07.2019 11:20

Кубакы ашуусундагы унаа кырсыктан бир аял жабыркады

Turmush -  Тоң районунун аймагындагы Кубакы ашуусунда унаа кырсык катталып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыккан унаа тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1971-жылы туулган О.Н. аттуу аял киши жабыркаган. ӨКМдин куткаруучулары жабыркаган аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×