Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.07.2019 13:03

«Кийимиңе жараша сүйлөп калган...»: Ыр саптар менен жашаган Н.Кеӊешбаев

Нурлан Кеңешбаев
Нурлан Кеңешбаев

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 41 жаштагы тургуну Нурлан Кеңешбаев жазган ырларын социалдык тармактарга жарыялап, окурмандар тарабынан жакшы пикирлерди угуп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиорелейлик магистралдар республикалык өндүрүштүк бирикмесинин чыгыш башкармалыгындагы техникалык-эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

«Чыгармачылык менен тагыраак айтканда акыркы эки жылдын аралыгында көп алектене баштадым. Ага чейин анда-санда жазып жүрчүмүн. Эргүү ушундайга келеби, айтор көбүнчө социалдык темадагы, тарбиялык маанидеги ырларды жазам. Өзүмө да жагат. Чыгармачылыкта жетишкендиктер деле жок. Сынактарга деле катышкан жокмун.

Ырларым Балыкчы шаарындагы жергиликтүү гезитке басылып чыкты. Негизи чыгармаларымды социалдык тармактарга чыгарып турам. Окурмандар ырларымды жактырышып, жакшы пикирлерин калтырышат жана «жактыруу» белгисин басышат. Ошол менин сыйлыгым (күлүп). Китеп чыгарууга ашыга элекмин. Азырынча өзүмдү китеп чыгарууга татыктуу эмесмин деп эсептейм», - деди каарманыбыз.

Нурлан Кеңешбаев Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Омар Хайямдын чыгармаларын көп окуйт. Ошондой эле төкмө акындар Аалы Туткучев, Элмирбек Иманалиевдин өнөрүн баалап келет.

Ал 1978-жылдын 12-февралында Балыкчы шаарында төрөлгөн.

«Мектепти аяктап, 1995-жылы Дастан технологиялык университетинин радиотехника факультетине барып, аны ийгиликтүү аяктагам. Үй-бүлөдө 6 бир тууганмын. Анын бешөө кыздар. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Жубайым экөөбүз бир кызды тарбиялап жатабыз.

Маркум атам айдоочу болуп эмгектенчү. Ал эми апам дүкөнчү болуп иштеди. Азыр менин колумда, ардактуу эс алууда», - деди ал.

Кеңешбаев эмгек жолун Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиорелейлик магистралдар республикалык өндүрүштүк бирикмесинин чыгыш башкармалыгында баштаган.

«Келечекке максатым — кызыма жакшы тарбия берүү, билим алуусуна шарт түзүү. Ошондой эле ырларымды топтоп, китеп чыгарсам деген тилектерим бар», - деди ал.

Адам болуу — эң кымбат

Эгер биз бул жашоодо конок болсок,
Ичер суубуз түгөнсө жомок болсок.
Анда эмне тырышабыз байлык үчүн,
Байлыгың оо дүйнөгө кереги жок.

Көздөрүбүз көр оокатка көнүп алган,
Адамдык сапатыбыз арта калган.
Сыйлашкандын ордуна сынап карап,
Кийимиңе жараша сүйлөп калган.

Бир тууганың бир тууганга кайрымы жок,
Ата-бала бир-бирине ыйманы жок.
Ой токтотуп карап көрчү издериңди,
Из эмей эстей турган элесиң жок.

Адам болуп жаралган соң бул ааламга,
Адамдык сапатыңды унутуп калба.
Адамга адамдардай мамиле кыл,
Окшошпой төрт аяктуу айбандарга.

Убактылуу нерселерге умтулабыз,
Адамдык сапаттарды унутабыз.
Бул дүйнөгө конок болуп келген болсок,
Кел тууганым бул жалганда сыйлашабыз...

Жубайыма

Асмандагы жаркыраган жылдыздар,
Жымыңдашат жайып салган акактай.
Арасында акырындан ай барат,
Аста баскан татынакай айымдай.

Жараткандын жаратканын карачы,
Түнкүсүн да жарык кылып ай менен.
Жылдыздарын чачып салып асманга,
Бир карасаң алмаз сымал сезилген.

Айлуу түн күбө болгон сүйүүбүзгө,
Ошол түнү ак сүйүүмдү билгизгем.
Уялыңкы абал турду көздөрүңдө,
Сүйлөй албай сен ошондо берекем.

Унчукпаган макулдуктун белгиси,
Жарым болдуң мына эми жанымда.
Үйдө кызым ушул үйдүн эркеси,
Ыраазымын сени кошкон тагдырга.

Убакыт

Бул жашоонун эң кымбаты убакыт,
Ар бир секунд өтүп барат зымырап.
Аман-эсен басып жүргөн чоң бакыт,
Өткөрбөгүн сен жашоону көп уктап.

Ансыз деле жарым жашоо уйкуда,
Эрте туруп бир тууганым кыймылда.
Уктап жатып билбей калып убакыт,
Карыганда ойгонбогуң шашыла.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×