Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.07.2019 12:00 На русском

Ысык-Көлдө 2 унаа кагышып, жаш бала мерт кетти

авария, унаа кырсык
авария, унаа кырсык

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы унаа кырсыктан жаш бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Балыкчы–Ананьев–Каракол унаа жолунун 75-чакырымында болгон. Аталган тилкеде «Мерседес-Бенц» жана «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Пассаттын» айдоочусу жабыркап, 1 жаш бала каза болгон.

Куткаруучулар жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×