Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.07.2019 13:08

Балыкчыда жол кырсыктан 2 адам жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Балыкчы шаарында жол кырсык катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, С.Каралаев жана Кулакунов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес Спринтер» жана «ВАЗ 21099» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам ар кандай жаракат алып (Б.Т. жана Ж.С. эркек кишилер), тез жардам кызматы аркылуу Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилди. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×