Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.07.2019 15:04

Ысык-Көлдө картошка өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүү демилгеленди

Turmush -  Ысык-Көл облусунда картошка өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев Ак-Суу районунун эли менен жолугушуу учурунда айтты.

Маалым болгондой, облустун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун дыйкандары картошканы көп өстүрүшөт. Өткөн жылы картошканын баасы төмөн болгондуктан, картошка өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүү демилгеленди. Ассоциация түзүлсө ал картошка өндүрүүчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечет.

«Картошка өндүргөн дыйкандар бири-бириңиздерден тажрыйба алып, чыгып жаткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн ассоциация түзүү — учурдун талабы. Картошкага болгон суроо-талаптын жакшы болушу да дыйкандардан көз каранды. Сапатты көтөрүү менен биз экспортко чыга алабыз. Мисалы, Тоң районундагы балдар Россияга экспорт жасоо үчүн сатыкка коюлуучу картошка сээп жатышат. Ушул өңдүү маселелерди чечүү үчүн ассоциация түзүү керек», - деди Осмоналиев.

Ысык-Көлдүн дыйкандары өткөн жылы картошканын 1 кг 5-6 сомдон сатышкан. Мындай көрүнүш 2004-2005-жылдары да болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×