Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 24.06.2019 11:39 На русском

Тоң РИИБдин башчысы кызматынан кетти

Нургазы Увалиев
Нургазы Увалиев

Turmush -  Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Нургазы Увалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти. Ошондой эле маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Нургазы Увалиев өткөн жуманын аягында Ички иштер министринин атына арыз жазган жана анын арызы кабыл алынган. Учурда анын ордуна эч ким дайындала элек.

Н.Увалиев ушул жылдын апрель айында Тоң РИИБдин жетекчиси болуп дайындалган болчу.

Буга чейин ал Ысык-Көл ОИИБдин жетекчисинин орун басары, Ысык-Көл РИИБдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×