Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.05.2019 11:14 На русском

26 жаштагы Марат Кудайбергенов Балыкчынын мэри болуп шайланды (өмүр баяны)

Turmush -  Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы. Бүгүн, 14-майда шайлоо өтүп, ага шаардык кеңештеги 31 депутат толук катышты.

Шайлоонун жыйынтыгында мэрлик кызматка ат салышып жаткан эки талапкердин бири — Марат Кудайбергеновго («Замандаш» фракциясы) 22 депутат, ал эми экинчи талапкер — Мирбек Шакировго («Кыргызстан» фракциясы) 9 депутат добуш беришти.

Жыйынтыгында эң көп добуш алган Марат Кудайбергенов мэр болуп шайланды.

Өмүр баяны

Марат Кудайбергенов 1993-жылы Балыкчы шаарында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу;

- 2011-жылдан 2017-жылга чейин «Алыш Сервис» ЖЧКнын башкы директору;

- 2017-жылдын август айынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жардамчысы;

- 2019-жылдан баштап №2 мамлекеттик резиденциянын маркетинг кызматынын башчысы.

Үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×