Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.03.2019 14:30 На русском

Видео — Акылбек Түкебаев Ак-Суу районунун акими болду (өмүр баяны)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп Түкебаев Акылбек Алиякунович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бүгүн, 28-мартта жаңы аким мамлекеттик администрациянын эмгек жамаатына тааныштырылды.

Өмүр баяны:

1964-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1981-1986-жылдары Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунда окуп, окумуштуу-агроном адистигине ээ болгон. Эмгек жолун 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун «Каракол» совхозунда агроном-энтомолог кызматында иштеп баштаган.

- 1987-1989-жылдары — Ак-Суу районунун «Каракол» совхозунда башкы мурап;

- 1989-1994-жылдары — ушул эле совхоздун №2 фермасынын агроному;

- 1994-1995-жылдары — Ак-Суу районунун «Береке» дыйкан чарбасынын төрагасы;

- 1995-1997-жылдары — ПРООНдун «Наркотикалык өсүмдүктөр боюнча» долбоорунун Ысык-Көл облусу боюнча изилдөө тобунун жетекчиси;

- 1997-2000-жылдары — кайрадан Ак-Суу районунун «Береке» дыйкан чарбасынын төрагасы;

- 2001-2009-жылдары — Ак-Суу районунун Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2009-2013-жылдары — Ак-Суу районундагы «Өрнөк-ТАА-Чолпон» кооперативинин төрагасы;

- 2013-2016-жылдары — Ак-Суу-Жети-Өгүз-Тоң райондор аралык үрөн инспекциясынын жетекчиси;

2016-жылдан бери Ысык-Көл облусу боюнча район аралык айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.

1996-2004-жылдары Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңешинин, 2000-2004-жылдары Ак-Суу райондук кеңешинин депутаты болгон.

Буга чейин Ак-Суу районунун акими болуп Улан Дөкөнбаев иштеп келген. Ал бул кызматка 2017-жылдын апрель айында дайындалган болчу. Ага чейин Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Ошондой эле Аңчылык департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×