Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.01.2019 16:00

Эрлан Исаев Каракол шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жетекчиси болду

Turmush -  Каракол шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин Эрлан Исаев жетектеп баштады, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган кызматка 5 адам талапкерлигин коюп, алардын ичинен Э.Исаев суурулуп чыкты. Буга чейин 2,5 жылдан бери аталган кызматты Канат Кожобаев жетектеп келген.

Эрлан Исаев 1980-жылы 29-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1997-2002-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен тарых жана социалдык экономикалык дисциплиналар боюнча билим алып чыккан. 2002-2005-жылдары Каракол шаарындагы №14 мектепте мугалим болуп эмгектенген. 2005-жылы Каракол шаарынын мэриясына катардагы адис болуп кирип, бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн. Ушул күнгө чейин шаардык мэрияда турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүн жетектеп келген. Ошондой эле 2008-2009-жылдары шаардык кепилдик фондунун жетекчиси болгон.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×