Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 21.11.2018 15:54

Тоңдун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер ат салышып, шайлоо өттү. Бул тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоого Улахол айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын баары катышты. Анда биринчи талапкер Азамат Балбаев менен экинчи талапкер Ишенбай Жээнтаев ондон добуш алышса, бир добуш баарына каршы берилген. Жыйынтыгында айыл өкмөт башчысы шайланган жок. Кийинки шайлоо качан болору белгилене элек.

Мыйзам боюнча айылдык кеңештеги депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкер айыл өкмөт башчысы болуп шайланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×