Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.08.2018 11:07 На русском

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды (фото, өмүр баяны)

Turmush -  Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-августта кол койду.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, учурда жаңы өкүлдү өкүлчүлүктүн жамаатына өкмөттүн аппаратынын башчысы Мурат Муканбетов тааныштырууда.

А.Осмоналиев буга чейин Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын декабрь айында дайындаган болчу.

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусуна ротация менен барган.

Өмүр баяны

Акылбек Осмоналиев 1964-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган.

Билими:

- 1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык институтунун зоотехния бөлүмүн бүтүргөн;

- 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган;

Эмгек жолу

- 1981-жылдын июль айынан 1983-жылдын август айына чейин Ноокат районундагы №44 жылкы заводунда жумушчу, 1988-жылдын июль айынан 1989-жылдын август айына чейин жылкы заводдо зоотехник болуп иштеген.

- 1989-жылдын август айынан 1992-жылдын апрель айына чейин Ноокат райондук агро-өнөр жай бирикмесинде башкы адис болуп иштеген;

- 1992-жылдын апрель айынан 1994-жылдын март айына чейин Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратында референт кызматын аркалаган;

- 1994-жылдын март айынан 1995-жылдын май айына чейин №44 жылкы заводунун директорунун орун басары болгон;

- 1995-жылдын май айынан тарта 1996-жылдын август айына чейин «Алике» дыйкан чарбасын жетектеген;

- 1996-жылдын август айынан тарта Жогорку Кеңештин аппаратынын агрардык маселелери боюнча комитетинде адис, 1997-жылы референт, 1999-жылдан тарта эксперт болуп эмгектенген;

- 1999-жылдан 2000-жылга чейин Айыл чарба жана мелиорация министрлиги алдындагы мал чарбачылык продукцияларын өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча департаментинин башчысы болуп иштеген;

- 2000-жылдын апрель айынан тарта Жогорку Кеңештин элдик өкүлдөрдүн жыйналышынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;

- 2004-жылдын май айынан тарта 2005-жылдын апрель айына чейин премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкармалыгынын уюштуруу иштери оюнча инспектору болуп иштеген;

- 2005-жылдын апрель айынан тарта 2006-жылдын июнь айына чейин Жогорку Кеңештин агро-өнөр жай жана экология комитетинин башчысынын орун басары болгон;

- 2009-жылдын январь айынан тарта Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген;

- 2012-жылдын февраль айынан 2016-жылдын апрель айына чейин Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген;

- 2016-жылдын апрель айынан 26-августуна чейин өкмөттүн Аппаратынын башчысы болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×