Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.08.2018 12:16

Каракол шаардык кеңеши мэрге кайрадан ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, кечээ, 31-июлда шаардык кеңештин депутаттары 21-сессияга чогулуп, күн тартибинде 25 маселе каралган. Алардын бири Каракол шаарынын мэринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Бул сессияга шаардык кеңештеги 31 депутаттын чиинен 30 эл өкүлү катышып, анын ичинен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 28 депутат мэрге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Ал эми 2 эл өкүлү каршы чыгышты. Эл өкүлдөрү мындай кадамды мэрдин шаардын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча тапшырган отчёту канааттандырарлык болбогону менен байланыштырууда.

Сессияда кабыл алынган чечим өкмөт башчыга жолдонгону маалым болду. Ал эми Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев отставка тууралуу 2018-жылдын февраль айында эле арыз жазганын айтты.

«Депутаттар өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу дагы арыз жазууну талап кылышты. Бирок кайталап арыз жазуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм. Ал учурда 13 депутат, бул жолу 31 депутаттын ичинен 28 депутат ишенбөөчүлүк көрсөттү. Алар эмне себептен мындай чечим кабыл алганын билбейм. Бул саясий мотив болушу мүмкүн. Ал эми социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшы, июль айында премьер-министр биздин шаарга келгенде шаарды өнүктүрүү программасы менен ийгиликтүү тааныштыргам», - деди Д.Арпачиев.

Д.Арпачиев (42 жашында) 2016-жылдын 13-майында Каракол шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан мэр болуп шайланган. Шайлоого 31 депутат катышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлер Данияр Арпачиев 24 добушка, Кубанычбек Абдубалиев 7 добушка ээ болгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×