Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу 21.07.2018 12:23

Каракол шаарында милициянын 6 кызматкери пенсияга чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-июлда Каракол ШИИБде 6 кызматкер пенсияга узатылды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ШИИБдин курамы кесиптештери — милициянын майорлору Алтынбек Молдогазиевди, Айбек Сыдыковду, милициянын капитаны Нурбек Карасартовду, милициянын кенже лейтенанты Талантбек Мусаевди, милициянын улук прапорщиги Аваз Мукамбетовду жана милициянын прапорщиги Азамат Исмаиловду ардактуу эс алууга узатышты. Аталган кызматкерлер милициянын катарында көп жыл кызмат кылышкан.

Каракол ШИИБдин жетекчиси Максат Абдыкулов пенсияга узатылып жаткандарга көп жылдык эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, ак калпак, чепкен кийгизди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×