Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.03.2018 13:00

Караколдо Россиянын 400дөй жараны өлкө башчысын шайлоого катышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарында Россия Федерациясынын 400дөй жараны өлкө башчысын шайлоого катышты. Бул тууралуу КМШ байкоочулар миссиясынын атынан Айбек Сатиев жана Зульфия Хан билдиришти.

Алардын айтымында, «Кой-Сары» аскер базасынын аймагына жайгашкан №8161 шайлоо участкасы бүгүн, 18-мартта эртең менен саат 08:00дө ачылган.

«Шайлоочулар үчүн транспорт каражаттары уюштурулуп, 5 автобус жүрүп жатат. Бул автобустар Каракол шаарында, Түп жана Тоң райондорунда жашаган Россия Федерациясынын жарандарын шайлоо участкасына ташып келүүдө. Учурда шайлоо участкасында КМШ байкоочулар миссиясы жана байкоочулар иштеп жатышат. Шайлоодо мыйзам бузуулар каттала элек», - деди Айбек Сатиев.

Саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, шайлоого 400дөй адам катышкан.

Аталган шайлоо участкасы кечки саат 20:00дө жабылат.

Тема боюнча: Чолпон-Атада Орусиянын президентин шайлоо өтүп жатат (фото)

Орусияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×