Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 18.03.2018 12:30

Чолпон-Атада Орусиянын президентин шайлоо өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-мартта Чолпон-Ата шаарындагы шайлоо участкасында Орусиянын президентин шайлоо өтүп жатат.

Саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, Орусиянын 50дөй жараны шайлоодо өз добуштарын беришти. Шайлоочулардын арасында Ысык-Көлдө өтүп жаткан мелдештердин спортчулары жана ишкерлер бар.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Вадим Чекмазовдун айтымында, «Чолпон» кинотеатрына жайгашкан шайлоо участкасында Борбордук шайлоо комиссиясынын эки байкоочусу бар.

«Жергиликтүү бийлик органдары жана Борбордук шайлоо комиссиясынын байкоочулары президенттик шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүп жатышат. Шайлоого бир гана Чолпон-Атадагы Орусиянын жарандары гана эмес, Григорьев, Семенов жана Ананьев айылдарынан келишүүдө», - деди ал.

Тема боюнча: Орусияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×