Кажы-Сай айыл аймагынын башчысы болуп Памир Кутуев шайланды

Turmush - Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагынын башчысы болуп Памир Кутуев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
П.Кутуев 1966-жылы Кажы-Сай айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн.
Эмгек жолу:
- 1991-жылы — Кажы-Сай айылындагы пионерлер үйүндө ийримдин жетекчиси;
- 1991-1995-жылдары — Кажы- Сай мектеп интернатынын кол эмгек сабагынын мугалими;
- 1995-1998-жылдары — «Куруучу» фирмасында кызматкер;
- 1998-2000-жылдары — А.С.Пушкин мектебинде чийүү сабагынан мугалим;
- 2014-2018-жылдары — Кажы-Сай айыл аймагынын башчысы.
Ал эки уулдун атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком