Фото - Ысык-Көлдө катуу сөгүш алып, кызматтан бошотуу сунушталган чиновниктер
Turmush - Ысык-Көл облусунда 9 айдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын кечээ, 27-октябрда өттү.
Жыйында негизги үч маселе талкууланып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиевге, Ак-Суу районунун башчысы У.Дөкөнбаев, Түп районунун акими С.Исмаиловго катуу сөгүш жарыяланып, Жети-Өгүз районунун акими К.Жудеевге эскертүү берилди. Мындан тышкары, Жети-Өгүз району боюнча социалдык фонддун жетекчиси Бакыт Айтакуновдун кызмат ордун кароо тууралуу Социалдык фондго тиешелүү кат жөнөтүлө турганы айтылды.
Ошондой эле, Ак-Суу районунун социалдык фондунун башчысы А.Бабышевге, Түп жана Тоң райондорунун салык кызматынын жетекчилери К.Маматкулов менен Жылкычы уулу Талантка сөгүш жарыяланды. Жети-Өгүз аймактык ооруканасынын директору С.Чыныбаевди ээлеген кызматынан четтетүү тууралуу тиешелүү катты Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүү белгиленди. Ошондой эле, Ак-Суу РИИБдин жетекчиси А.Саадановдун ээлеген кызматын кароо тууралуу кат Ысык-Көл ОИИБдин башчысына жөнөтүлмөй болду.
Данияр Арпачиев
Улан Дөкөнбаев
Советбек Исмаилов
Калысбек Жудеев
Бакыт Айтакунов
Садырбек Чыныбаев
Асылбек Сааданов