Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.07.2017 12:55 На русском

А.Атамбаев: Икрамга сен болсом шопурлардын партиясын ачып, президент болмокмун дедим

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында №2 мамлекеттик резиденцияда кыргызстандык  журналисттер жана эксперттер менен жолугушуп, суроолорго жооп берип жатат. Анын жүрүшүндө Tazabek басылмасынын Кыргызстандагы эң бай 100 адам тууралуу жарыкка чыгарган журналы («ТОП-100 богатейших людей (семей) в Кыргызстане»), ал тизмедеги мамлекеттик кызматтагы адамдардын байлык топтогону, кеңешчиси Икрамжан Илмиянов тууралуу да айтылды.

«Мамлекеттик кызматта кедей эмес адамдар бар, ачык айтайын. Мисалы менин кеңешчим бар — Калыкбек Иманалиевич Султанов.

Эми.. Икрамжан Илмияновдон канча казсаңар да эч нерсе таппайсыңар. Асылганыңар Икрам. Шоопурдун бары жаман экен да...уят да. Бар болсо таап туруп каматтыргыла. Икрамга: "Сен болсом шопурлардын партиясын ачып, президент болмокмун" дедим. Жок нерсени казып жатсаңар да таппайсыңар», - деп тамаша аралаш жооп узатты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×