Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.07.2017 11:21

А.Атамбаев: Бийликти тынч өткөрүүгө кепилдик берем

Turmush -  Бийликти тынч өткөрүүгө кепилдик берем, деп билдирди Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан маалымат жыйында.

Журналисттер президент шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турган кандай жагдайлар бар экенине кызыгып: «Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө кепилдик бере аласызбы?» деп сурашты.

«Шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо дагы аны тааныш керек. Башкысы добуштарды эсептөө адилеттүү болот деп кепилдик бере алабыз. Кимдир бирөө өз добушун сатса ал башка иш. Анда эмне кыла алмак элек? Биз адамдарда жоопкерчиликти жакшы ойгото алган жокпуз», - деди ал.

Ошондой эле, өлкө башчы: «Бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик берем. Өлкө азыр башкача», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×