Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.07.2017 15:17

Тоңдун мурунку акими У.Эсенгул уулу жаңы кызматка дайындалды

Turmush -  Тоң районунун мурунку акими Улан Эсенгул уулу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн Аппарат башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кол койду.

Улан Эсенгул уулу

35 жаштагы жетекчинин билими жана эмгек жолу:

- 2005-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык улуттук университетин аяктаган;

- 2010-жылы салык инспектору;

- 2013-жылы айылдык кеңештин депутаты;

- 2013-жылы Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагынын башчысы;

- 2015-жылдан бери Тоң районунун акими болуп эмгектенген.

Үй бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Тоң районунун жаңы акими болуп Таалайбек Ажиев дайындалды. 

Тоң районунун акими болуп Т.Ажиев дайындалды (резюме)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×