Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.03.2017 11:29

Ак-Суу районунун акими жакында дайындалат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими жакында дайындалат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев бүгүн, 31-мартта билдирди.

Анын айтымында, ал кызматка келгенге чейин мурдагы жетекчи тарабынан өкмөт башчыга 3 адам сунушталган. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкердин орду 90 күндөн ашык бош турбашы керек.

Ак-Суу районунун мурунку акими Жолдошбек Байсеитов 2017-жылдын 10-мартында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматтан бошотулган. Ал өз каалоосу мнен арыз жазганы маалымдалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×