Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 31.01.2017 08:10 На русском

Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Алиев шайланды

Turmush -  Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алиев Адылбек Орозалиевич шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ал аталган кызматка жалгыз талапкер болуп катталган. Шайлоодо анын талапкерлигине айылдык кеңештин 11 депутаттан 10 добуш берилди.

Адылбек Орозалиевич Алиев 1981-жылы туулган. Англис тилчи мугалим. 2011-жылдан бери аты аталган айыл өкмөтүнүн жер адиси болуп иштеп келген.Үй-бүлөлүү, 1 кызы бар.

Мурда аталган айыл өкмөттү Алиев Адылбек Аманкулович жетектеп келген. Мурдагы айыл өкмөт башчысы менен азыркы жетекчинин аты-фамилиялары окшош болгондуктан көптөр мурдагы жетекчи кайрадан өз ордунда калган окшойт деген ойлор жаралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×