Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.01.2017 14:08

Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Чыныбаев шайланды

Turmush -  Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алмаз Чыныбаев шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, шайлоого айылдык кеңештеги 21 депутат катышты. Аталган кызматка Алмаз Чыныбаев, Нурлан Искаков, Турар Асаналиев ат салышты. Жыйынтыгында 20 депутаттын 11 добушу менен Алмаз Чыныбаев айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Чыныбаев Алмаз Абдрасулович 1971-жылы Саруу айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча тарыхчы. Буга чейин «Чыныбай» кооперативинде иштеген. Үй-бүлөлүү, 4 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×