Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.01.2017 09:00

Түп айылдык кеңешинин төрагасы болуп Б.Умралиев шайланды

Turmush -  Түп айылдык кеңешинин төрагалыгына Бексултан Умралиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдык кеңештен маалымдашты.

Алгачкы сессиядагы жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бексултан Умралиев 11 добуш, анын атаандашы Алмаз Абдымамбетов 9 добуш алды. Төраганын орун басарын шайлоо да жашыруун добушка коюлуп, 15 добуш алган Анаркүл Орозбекова төраганын орун басары болуп шайланды.

Аталган айылдык кеңештеги 21 депутаттын ичинен үчөө аял депутаттар. Сессиянын жүрүшүндө жаңы шайланган депутат айымдар Анаркүл Орозбекова менен Шаим Урбаева ардактуу аксакалдар коомунун «Кыргыз Республикасынын ардактуу айымдары» сыйлыгы менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×