Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.11.2016 11:38

Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясына жаңы директор дайындалды

Turmush -  Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директору болуп Чолпон Шаикова дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы жетекчини жамаат менен бүгүн, 15-ноябрда аталган министрликке караштуу маалымат жана коммуникация департаментинин директору Бактыгүл Ноорузбаева тааныштырды.

Ч.Шаикова

Чолпон Шаикова

Ч.Шаикованын жетекчилигиндеги жамааттын алдында чоң милдеттер турганын белгилеген Б.Ноорузбаев, ийгиликтерди каалады.

Коомчулук менен байланыш боюнча эксперт Ч.Шаикова 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча катчылыкта эмгектенген.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын мурунку жетекчиси Калыбек Тайтикеев кызматын өз каалоосу менен өткөргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×