Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 21.07.2016 17:00

Түп районунун акими И.Кожалиев кызматынан бошотулду

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Ишен Кожалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин И.Кожалиев өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

И.Кожалиев

6b09562b97dd62864a84bbfc7606f0c2_500_0_0

Мурда маалымдалгандай, 13-июлда облустук коллегия өткөн.

Күн тартибиндеги акыркы маселеге келгенде жыйын жабык эшик артында уланып, акимдердин, мэрлердин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгү, дисциплиналык аткаруучулук тууралуу маселе каралды. Анын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдеринин дарегине бир катар сындар айтылган.

Ысык-Көл районунун убактылуу акими болуп Д.Иманалиев дайындалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×