Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.07.2016 08:37

Ысык-Көлдөгү 2 райондун акими ордун бошотот

Turmush -  Каракол шаарында кечээ, 13-июлда Ысык-Көл облустук өкүлчүлүктүн кеңейтилген жыйыны өттү. Өкүлчүлүк маалымдагандай, жыйынга Өкмөт аппаратынын өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Күн тартибиндеги акыркы маселеге келгенде жыйын жабык эшик артында уланып, акимдердин, мэрлердин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгү, дисциплиналык аткаруучулук тууралуу маселе каралды. Анын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдеринин дарегине бир катар сындар айтылды.

Коллегиянын жүрүшүндө айтылгандай, Ысык-Көлдүн акими Раимбек Имангазиев менен Түп районунун акими Ишен Кожалиев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу премьер-министрдин атына арыз жазганы айтылды.

«Ар бир жетекчи мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө жана анын шаары менен районунда болуп жаткан нерселерге толук жоопкерчилик алат», - деп белгиледи облустун жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×