Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу 16.06.2016 15:57

Каракол шаардык кеңеши 6-сессияга чогулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-июнда Каракол шаардык кеңешинин 6-сессиясы өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сессияга 31 депутаттын ичинен 28и катышууда. Анда Каракол шаарынан Түркияда өтүүчү фестивалга делегаттарды жиберүү, жаңы келген депутатка мандат берүү, бюджетке өзгөртүү киргизүү сыяктуу маселелер каралууда.

Депутат Кубан Мамбетов депутаттарга сессияда каралуучу маселелер тууралуу маалыматтар 1-2 күн калганда берилип, аны менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×