Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.05.2016 11:43

БШК Караколдун жаңы мэрин бекитти (фото)

Turmush -  БШКнын бекиткен токтомуна ылайык Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиев кызматына расмий киришип, аппарат менен таанышты. Жаңы мэр кечээ, 25-майда биринчи иш күнүн өткөрдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Д.Арпачиев мэриянын аппараты менен танышуу учурунда ишмердүүлүгүн шаардын тазалыгы, жарыктандыруудан баштап, бекитилген бюджет боюнча иш жүргүзө турганын билдирди.

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэрди 13-майдагы кезектеги сессиясында шайлаган

Сессияга 31 депутат катышты. Эл өкүлдөрү талапкерлердин программасы менен таанышкандан кийин добуш беришти.

Жыйынтыгында Данияр Арпачиев 24 добушка, Кубанычбек Абдубалиев 7 добушка ээ болуп, 42 жаштагы Д.Арпачиев Каракол шаарынын мэри болуп шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×