Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 25.05.2016 17:13

Балыкчы шаарынын мэри болуп А.Мамбетов шайланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары мэрди шайлады. Шайлоо саат 09:30да башталып, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Мамбетов Алмаз Ишенбекович Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шайлоого жалпы 31 депутат катышып, анын ичинен 29 депутат А.Мамбетовдун талапкерлигин колдоду. Ал эми 2 депутат каршы чыккан.

Мамбетов Алмаз Ишенбекович 1976-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Буга чейин Тышкы иштер министрлигинде, Бишкек шаардык мэриясында эмгектенген.

IMG-20160525-WA0191

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×