Turmush — Бүгүн, 23-мартта Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында жарыкка келген төрт эм үйүнө чыгарылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүнүн жетекчилиги, Ош шаарынын мэринин орун басары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 4 эмдин ата-энесинин жакындары катышты.
Төрт эмдин үй-бүлөсүнө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 100 миң сом, андан сырткары Араван районунун администрациясы тарабынан 100 миң сом тапшырылды. Мындан тышкары Дөбө-Коргон айыл өкмөтү тарабынан төрт эмге коляска берилди.
Ымыркайларга Сабия, Юсуф, Афруза жана Рабия ысымдары ыйгарылды. Алар 26 жаштагы Дилшода Артыкова менен жолдошу Жасур Садыковдун алгачкы балдарды.
Үй-бүлө башчысы — 1993-жылы туулган Жасур Садыков Россияда эмгек миграцияда болуп, кичи мекенине кайтып келген. Учурда убактылуу иштебейт. Үй-бүлө Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагына караштуу Бостон айылында жашайт.
2026-жылдын 12-мартында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында операция жолу (кесарево) менен төрт эм төрөлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 32-жумасында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. Бул анын биринчи төрөтү. Ымыркайлардын салмагы: кыз — 1 кг 830 грамм, уул — 1 кг 815 грамм, кыз — 1 кг 520 грамм, кыз — 1 кг 500 грамм.
---------------------------------------------------------------
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында 4 эм төрөлгөн.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Дильноза Сайдорипова айына жетпеген төрөт менен чукул жеткирилген. 19-октябрда операция жолу менен 2 уул жана 2 кыз төрөлүп, 1 кызы чарчап калган.
Ымыркайлар 1 кг 500 грамм, 1 кг 700, 1 кг 700 грамм салмакта төрөлгөн. Чарчап калган ымыркайдын салмагы 1 кг 300 грамм болгон. Бул Дильноза айымдын төртүнчү төрөтү, анын буга чейин 3 кызы болгон.