Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы курулушу жүрүп жаткан ири объектилердин биринде мурунку мэр Эрнис Ормоковдун да ысымы аталып жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке өткөрүлүп жаткан курулуштар боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Министрдин айтымында, шаардагы 7 курулуш боюнча өздөрүнүн жумушчу комиссиясы иштеп жатат. Жакынкы 10 күндө жыйынтык жарыяланат.
«Бул объектилерге шаар бийлиги биздин кызматкерлерди дээрлик аралаштырышкан эмес. Биздин комиссия иштеп жатат. Мурунку мэр бир объектиге өзүнүн компаниясын киргизген фактылар аныкталышы мүмкүн. Азыр териштирүү ишин жүргүзүп жатабыз. Эгер аныкталса, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз», - деди Орунтаев.
2026-жылдын 20-февралында Ормоков Эрнисбек Абдижалилович Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2020-жылдын 11-декабрында дайындалган болчу.
Анын ордуна Абдупата Маткаликов мэр болуп дайындалды.
Кадрдык чечимдер президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды.
Кечээ, 18-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү жетекчилер менен бирге Манас шаарындагы курулуштарды кыдырды.
Анын айтымында, Манас шаарында курулуп жаткан 7 ири объект боюнча долбоордук документтерди даярдоодо талаптар сакталбай, айрым объекттердин жалпы сметалык баасы негизсиз кымбат көрсөтүлгөн.
Жыйында Жалал-Абад облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан 9 ири объект Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өтөрү айтылды.
Министр Манас шаарында курулушу жүрүп жаткан 7 объект боюнча Манас шаар мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматалиевден маалымат алды. Анын айтымында, объекттер боюнча долбоорлордун сметалык баалары жана экспертизанын жыйынтыктары параллелдүү түрдө жүргүзүлүп жатат.
Бирок Нурдан Орунтаев бул объекттерде талаптар сакталбаганын белгиледи.
«Объекттердин баалары өтө эле кымбат көрсөтүлгөн. Долбоордук документтер толук аяктаган эмес, экспертизадан өткөрүлбөстөн эле келишимдер түзүлүп, тендерлер жарыяланган. Баары талапка ылайык жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан биз мунун баарын мыйзамдуу нукка салып, сапатын карап, өз убагында бүтүрүп берели деп жатабыз», - деди министр.
Министр шаардагы курулуш объекттерин жеринен көрүп чыгып, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниялардын өкүлдөрүн ишти токтотпоого чакырды. Ал келишимдер жаңыланарын, эң башкысы — объекттер сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгиледи.
Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өтө турган объекттер:
- Ю. Абдрахманов көчөсүндөгү 5200 орундуу жабык типтеги көп функционалдуу спорт сарайы;
- Глинка көчөсүндөгү 7 кабаттуу облустук оорукананын жаңы корпусу;
- Р. Азимов көчөсүндөгү президенттик «Акылман» лицейинин филиалы;
- Курманбек көчөсүндө курулуп жаткан облустук филармониянын жаңы имараты;
- Курманбек көчөсүндөгү заманбап шаардык музей;
- насостук станциянын, жөнгө салуучу резервуарлардын, түтүк өткөргүчтөрдүн жана ирригациялык тармактардын курулушу.
Мындан тышкары, министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районундагы оорукананын курулушун да көзөмөлгө алат.