Turmush — Ош шаарындагы «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун аймагындагы жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча иш Жогорку сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, С.Супаналиев көчөсүндөгү №13 даректе жайгашкан жер тилкеси баштапкы иш кагаздарында «Келечек» балдар борборунун аймагына киргени көрсөтүлгөн. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат жана иш Жогорку соттун кароосуна өттү.
Бул даректе бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун жакындарына катталган үй жайгашканы маалымдалган. Ошол эле №13 дарекке жакын №15 даректе Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты Ахматбек Келдибековге тиешелүү делген дагы бир үй бар.
Ош шаардык мэриясы бул курулуш боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу так маалымат жок экенин белгиледи.
2024-жылы Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы С.Супаналиев көчөсүндөгү №13, №15 жана №17 даректеринде жайгашкан жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу маселеси боюнча укук коргоо органдарына кат менен кайрылган. Бул жерлер жеке адамдар тарабынан ээлеп алынгандан кийин аталган борбордун жалпы аймагы болжол менен 40 пайызга кыскарган.
Буга чейин №17 даректеги көп кабаттуу имараттын ээси өз каалоосу менен мэриянын балансына өткөрүп берген.
Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында мамлекеттин менчигине өткөн имаратка Ош шаардык билим берүү башкармалыгы көчүрүлгөнүн жазган.
------------------------------------------------
Бул объекттин айланасындагы окуя кандай өнүккөн?
Turmush басылмасына белгилүү болгондой, 2002-жылдын 10-апрелинде мэриянын №321 токтому менен С.Ж. аттуу жарандын атына Карл-Маркс көчөсүндөгү «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун аймагынан 1 миң 468 чарчы метр жер тилкесине менчик укугун каттоо жөнүндө токтом чыккан. Анын ичинде 360 чарчы метр аянтка курулуш курууга уруксат берилген.
2004-жылдын 10-мартында аталган жер тилкесине менчик укугуна мамлекеттик акт берилет.
2004-жылдын 30-мартында С.Ж. аттуу жаран С.Супаналиев көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисин С.С. аттуу жаранга сатып өткөрүү келишиминин негизинде саткан. Бул 533,10 чарчы метр пайдалуу аянт жана 1 миң 468 чарчы метр жер тилкеси. Ал кездеги келишимдин суммасы 600 миң сомду түзгөн.
2004-жылдын 26-июлунда С.С. аттуу жарандын атына кыймылсыз мүлк объектилерине менчик укугу катталган.
2013-жылдын 17-январында бул мүлк С.М.М. аттуу жаранга мурас катары таризделген.
2016-жылдын 13-июлунда С.М. аттуу жаран кыймылсыз мүлк объектилерин Ж.М. аттуу жаранга 19 млн 488 миң сомго саткан.
Ош шаарында «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жеке менчикке өтүп кеткен жерлерин кайра кайтаруу боюнча тиешелүү органдарга кат жөнөтүлгөн.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына караганда, С.Супаналиев көчөсүндөгү №13, №15, №17 даректеринде жайгашкан жер тилкелери баштапкы иш кагаздарында «Келечек» балдар борборунун аянты катары көрсөтүлгөн.
«Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына каттар менен билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган жерлерди кайтаруу боюнча иш кагаздар такталып, иш алып барылып жатат. Баштапкы иш кагаздардын негизинде ал жерлер «Келечек» балдар борборунун жери болуп эсептелген. Болжол менен «Келечек» балдар борборунун аянты 40 пайызга кыскарып, ээленип калган. Буга чейин аталган аймактагы муниципалдык жерлер бошотулган», - деп айтылган маалыматта.
Жогоруда көрсөтүлгөн даректердеги жер тилкелеринде эки турак жай жана мейманкана курулган. Турак жайлар Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибековдун үй-бүлөсүнө таандык.
----------------------------------------------------------------
Turmush 2024-жылдын февраль айынын башында Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйгө мөөр басылып жабылганын жазган.
Мындай чечимди УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү чыгарган.
Аталган аймактагы тар көчөнүн бир тарабында Матраимовдордун үйү, экинчи тарабында «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун имараты жайгашкан. Алардын ортосундагы жер тилке эки тарабынан тосулган.
2019-жылы Ош шаардык мэриясы «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жолу мыйзамсыз тосулганын билдирген. Борборго тиешелүү жер 10 жылдай пайдаланылып келгени айтылган.