Turmush — Эки адамды өлтүрүүгө шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 7-мартында болжол менен саат 11:04тө Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Торпок айылына жакын талаадан эки эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факт каттого алынып, окуя болгон жерге дароо тергөө ыкчам тобу чыгарылып, Бишкек—Ош унаа жолунун 48-чакырымында, Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы тилкеден болжол менен 200 метр батыш жакта, талаанын четинде эки эркек кишинин сөөгү зордук-зомбулук белгилери менен табылган.
Маркумдардын өздүгү аныкталып, алар 1999-жылы туулган Д.Д., жана 2003-жылы туулган К.Б. экени белгилүү болду. Мындан тышкары Д.Д. аттуу жаран 2026-жылдын 1-мартынан бери Бишкек шаарынын Ленин РИИБде дайынсыз жоголгон адам катары катталганы аныкталган.
Бул факт боюнча Чүй ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталды. Алар — 2001-жылы туулган К.О., 2007-жылы туулган С.Б., 2005-жылы туулган М.Б. жана 2006-жылы туулган С.У.
С.Б., М.Б. жана С.У. аттуу шектүү жарандар Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан кармалып, Чүй ОИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аларга карата сот тарабынан 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Негизги шектүү К.О.нун жүргөн жери аныкталбай жаткандыгына байланыштуу ал издөөгө жарыяланган. М.Б. аттту шектүүнүн Кадамжай районунун Алга айылындагы үйүнө тинтүү иш-чарасын жүргүзүүдө К.О. аттуу издөөдөгү шектүүнүн атына УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү жана милициянын лейтенанты наамындагы формасы табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2026-жылдын 25-февралында жогорудагы шектүүлөр Д.Д. жана К.Б. аттуу жарандарды жалган шылтоо менен шаардагы ижарага алынган батирге алып барышып, аларды ур-токмокко алып, акча каражатын жана «iPhone 13» жана «iPhone 15» мобилдик телефондорун алып коюшкан. Кийинчерээк аларды «ЦУМ» жана «Берекет Гранд» соода борборлорунда сатып жибергендиги аныкталган.
Шектүүлөр жабырлануучуларды 26-февралга чейин батирде тамак бербей кармашкан. Кийин саат 00:30 чамасында алардын колун байлап, көздөрүн таңып, К.О.нун атына ижарага алынган «Hyundai Sonata» унаасы менен Бишкек—Ош унаа жолу аркылуу алып чыгышкан. Андан ары аларды Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы талаага алып барышып, зордук-зомбулук менен уруп, муунтуу жолу менен өлтүрүшкөн.
Кылмыш жасоодон кийин сөөгүн талаанын орто ченине таштап, андан соң шектүүлөр кылмыш болгон жерден изин жашырып, качып кетишкен. Жолдо бара жатып жабырлануучулардын футболкасын жана бут кийимдерин Ак-Торпок жана Бекитай айылдарынын жээктерине ыргытып жиберишкен.
28-февралда шектүүлөр кылмыштын изин жашыруу максатында Баткен облусунун Кадамжай районунуна качып кетишкендиги аныкталды.
2026-жылдын 9-мартында Ош облусунда аталган кылмыштын уюштуруучусу, издөөгө жарыяланган 2001-жылы туулган К.О. кармалып, ал да убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.