Turmush — Ак-Суу районунда жырткыч жаныбарлардын көбөйүшүнө байланыштуу мергенчилер тарабынан активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Райондогу аңчылар коому январь айынан бери жалпысынан 68 чөө жана 31 карышкырды атып жок кылышканын аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы эки ай ичинде жырткычтар жергиликтүү тургундардын чарбасына олуттуу зыян келтирген. Тактап айтканда, 17 жылкыны, 30дан ашык топозду жана 11 уйдун музоосун жарып кетишкен.
Адистердин айтымында, жырткыч жаныбарлардын саны ай сайын көбөйүп, мал чарбачылыгына коркунуч жаратууда.
Ал эми Чуңкур-Төр мергенчилер коому жаратылыштагы тең салмактуулукту сактоо максатында жырткычтардын санын көзөмөлдөп, аларга каршы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.