Turmush — Тоң районунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата районго эмгеги сиңген 180ге жакын айымга арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Осмонов, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыров, айылдык кеңештин төрагасы Э.Кыдыев жана райондун ар кыл тармагында эмгектенген айымдар катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө аялзатынын коомдогу орду, үй-бүлөдөгү жана коомдук турмуштагы маанилүү салымы белгиленип, алардын эмгеги жогору бааланды.
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Осмонов куттуктоо сөз сүйлөп, айымдарды майрамы менен чын дилинен куттуктады. Ал аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгилик каалады.
Өз сөзүндө аким аялдар коомдун өнүгүшүнө, жаш муунду тарбиялоого жана коомдук турмуштун бардык тармактарына активдүү катышып келе жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, айыл чарба жана башка тармактарда көп жылдык үзүрлүү эмгек сиңирген айымдарга ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, маданият кызматкерлери тарабынан ыр-күүлөр жаңырып, келген айымдарга белектер берилип, сый тамак сунушталды.