Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун сегизинчи каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылын тургуну Жудоева Нуркамал Жанышбековна.
Жети-Өгүз жөнүндө
Жети-Өгүз району Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл облусунун тескей тарабында жайгашкан. Аянты 14 499 чарчы километрди түзөт, административдик борбору — Кызыл-Суу айылы. Жети-Өгүз району кооз табияты, бай тарыхы жана маданий мурастары менен белгилүү. Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң райондору менен чектешет, ошондой эле Нарын облусу жана Кытай Эл Республикасы менен да чектешет. Калкынын саны 101 миңден ашат.
Жети-Өгүз капчыгайы кызыл аскалары, карагай токойлору, мөңгүлөрү жана минералдуу булактары менен элге таанымал. Айрыкча Жети-Өгүз курорту, Кызыл-Суу жана Жуука аймактарындагы дарылык касиетке ээ минералдуу ысык суулар менен белгилүү. Бул суулардын курамында бром, кальций, йод, бор, марганец жана башка элементтер бар. Дарылык касиети жогору болуп, муун ооруларын жана терини дарылоого жакшы жардам берет.
Асманга эң жакын алтын кени — Кумтөр
Кумтөр — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Ак-Шыйрак тоо каркасынын түштүк-батыш капталында, Кумтөр суусунун баш жагында жайгашкан алтын кени. Кен деңиз деңгээлинен 3900–4150 метр бийиктикте орун алган. Ал дүйнөдөгү эң бийик тоолуу алтын кендеринин бири болуп эсептелет.
Кышында температура -40 градуска чейин түшөт. Бул жерде кыш узак жана аба ырайы өтө катаал болот. Жогорку бийиктикке байланыштуу кычкылтек аз болгондуктан, жумушчулар атайын адаптациядан өтүшөт.
Кумтөр аймактагы эң чоң алтын кендеринин бири болуп саналат жана өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири. Кумтөрдө жүздөгөн адистер вахталык ыкма менен иштешет. Ал жерде турак жайлар, ашкана, медициналык пункт жана техникалык базалар бар. Кумтөрдөн түшкөн киреше мамлекеттик бюджеттин олуттуу бөлүгүн түзөт жана миңдеген жумуш орундарын камсыздайт.
182 тонналык нефрит ташы
Интернетте белгилүү болуп жаткан нефрит ташы да Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан табылган. Нефрит — жаратылышта өтө сейрек кездешкен, бекемдиги жана узакка сакталуусу менен айырмаланган табигый минерал. Мындай ири көлөмдөгү таштын табылышы район үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн да табигый мурастын объектиси катары чоң мааниге ээ.
Бул табылга илимий жактан да, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жагынан да кызыгууну жаратат. Мындан улам жергиликтүү бийлик тарабынан нефрит ташы жайгашкан жерде туристтик аймак түзүү пландалууда.
Ал эми 2022–2023-жылдары адистер нефритти казып алуунун өздүк наркы 1 килограммына 2–5 АКШ долларын түзөрүн, ал эми таштын дүйнөлүк рыноктогу баасы сортуна, сапатына жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша 1 килограммына 10 АКШ долларынан 20 миң АКШ долларына чейин өзгөрөрүн баалашкан. Бул таш айрыкча Кытайда жогору бааланат.

Райондун аталышынын келип чыгуусу
Жети-Өгүз районунун аталышы боюнча уламыштар абдан көп. Алардын бирин айтып берейин. Илгери-илгери бир жесир аялдын Асан жана Үсөн аттуу эгиз балдары болгон экен. Жакырчылыкта жашагандыктан, алар ханга жалчы болуп, анын торпокторун багып жан сакташат экен. Күндөрдүн биринде хандын жети торпогу жоголуп кетет. Буга аябай каарданган хан: «Жети торпокту тапмайынча келбегиле!» деп, эгиз балдарды кууп жиберет.
Балдар энеси менен коштошуп, жети торпоктун артынан жөнөшөт. Бирок торпоктор менен кошо эгиздер да дайынсыз жоголуп кетет. Энеси эки уулун издеп чыгат, бирок такыр таба албайт. Айласы кеткен эне ханга болгон ачуусунан: «Ошол жети торпогуң таштай катып калсын!» — деп каргап салат экен. Ошондон кийин жети өгүз ташка айланып катып калып, натыйжада бул жер Жети-Өгүз деп аталып калган дешет.
Сүйүшкөндөрдүн мекени...
Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Жарылган жүрөк» тоосунун аталышы боюнча да уламыш бар. Илгери бир акылы менен сулуулугу айкалышкан кыз жашаган экен. Анын үстүнө ал гүлдөрдүн, куштардын жана жаныбарлардын тилин түшүнө алган өзгөчө касиетке ээ болуптур. Ошентип, анын атагы алыска тарайт.
Күндөрдүн биринде ал кыз суунун жээгинде чачын тарап отуруп, өзүнүн айылындагы бир жигитти көрүп, жактырып калат. Жигит да аны бир көргөндөн сүйүп калат. Экөө мындан аркы өмүрдү бирге өткөрүүгө убада беришет.
Бирок алардын бирге болуусуна жолтоо болгондор чыгат. Алардын ичинде ошол айылдын бийи да бар экен. Бий кыздын сулуулугу жана акылы тууралуу угуп, аны өзүнө жубай кылып алууну каалайт. Кыздын макулдугусуз, кысым көрсөтүп, күч менен алууга аракет кылат.
Күндөрдүн биринде кыз бийден качып, бийик жарга чыгып, жүрөгүн канжар менен сайып жиберет. Кыздын өлүмүнө күбө болгон жигит да өзүн жардан таштап жиберет. Ошол учурда эки жаштын армандуу сүйүүсүнө чыдабаган тоо да жарылып кеткен экен. Ошондон улам тоо экиге бөлүнүп, чындыгында жарылган жүрөктүн сөлөкөтү сыяктуу көрүнүш пайда болуп калган дешет.
Биздин Элмира Төлөкөва эжебиздин «Жарылган жүрөк» тууралуу жазган ыр саптарынан мисал келтирсек:
Кыз-жигит өлгөн жаралуу аска,
жарылып чарт-чурт бөлүнгөн дешет.
Сүйүүнүн улуу касиет, күчү
«Кош жүрөк» болуп көрүнгөн дешет.
Бул саптардан «Жарылган жүрөк» тоосу эки жаштын сүйүүсүнөн улам пайда болгонун түшүнсө болот. Ошондуктан жаңы үйлөнөйүн деп жаткан кыз-жигиттер сүйүү тарыхын (love story) ушул «Жарылган жүрөк» тоосунун жанында тартып кетишет. Бул жерди сүйүшкөндөрдүн аймагы, мекени десек да болот.
Биздеги бир салт...
Жаңы келген келиндерди көшөгөдөн чыгаргандан кийин «отко киргизүү» каадасы аткарылат. Анда жаңы келген келин менен биргеликте жеңелери жоолукту төрт бурчтук боюнча башына жабышып, конокторго жүгүнүп киришет. Андан соң арты менен бурулбай, алдыга карап, жай басып чыгышат. Келген коноктор келиндердин башындагы жоолукту акырын чечип алышат. Жигиттер муну «мен да ак нике менен жубайлуу болоюн» деген тилек менен жасаса, апалар «мен да ушундай келиндүү болоюн» деген ой-тилек кылышат.
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза