Turmush — Жыргалбек Аалиев Нарын облустук ооруканасында 37 жылдан бери медицина тармагына кызмат кылып келе жаткан дарыгер. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Аалиев Жыргалбек — 37 жылдык тажрыйбага ээ ак халатчан дарыгер.
Анын 8 жылы хирургияда өтсө, соңку 27 жылдан бери реанимация бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында кыйын учурлар, жетишсиздиктер көп болгон. Бирок акыркы 3 жылдын ичинде бөлүмдү толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүп, заманбап талаптарга жооп берген аппараттар менен камсыз кылууга жетишкен.
Оорукананын эң оор, эң жоопкерчиликтүү бөлүмү — реанимация. Бул жерде бейтаптардын өмүрү үчүн акыркы күрөш жүрөт. Ар бир секунд кымбат, ар бир чечим — адам тагдырына түз таасир этет. Дал ушул жерден дарыгерлер үмүт үзүлгөн учурларда дагы өмүрдү сактап калууга аракет кылышат.
«Башка бөлүмдөрдүн күчү жетпеген оор абалдарда реанимация дарыгерлери кийлигишет. Оор жаракаттар, оор операциялардан кийинки абал, өнөкөт оорулардын күчөшү — булардын баары реанимациянын күнүмдүк иши. Өзгөчө кары адамдар суук тийгени, өнөкөт оорулары козголгондо же операциядан кийин ушул бөлүмдөн дарыланып чыгышат.
Ал эми акыркы жылдары Чүйдөн көчүп келип, жогорку жаш курагына жеткен адамдар Нарынга дарыланганы келишүүдө. “Өз эли, өз жери дечү эле…” — дешип, жергиликтүү ооруканага кайрылгандар көп. Алардын көбү жакшы болуп чыгууда», - деди каарманыбыз.
Кадр жетишсиздиги — адам өмүрү үчүн күрөш жүргөн жерде эң коркунучтуу тоскоолдук. Реанимация бөлүмүндө дарыгерлер жетишсиз болуп, жүктөм улам оорлоп жатса да, Жыргалбек Аалиев үчүн бул жумуш жөн гана кесип эмес — элге болгон кызмат.
«Реанимация бөлүмүндө кеминде 13–14 врач иштеши керек болсо, азыр 6 врач жетишпейт. Ар бир постто болгону экиден гана дарыгер иштеп жатат. Бул абал күнүмдүк жумушту оорлотуп, жоопкерчиликти арттырып келет», -деди ал.
Айлык аз, жүк оор — Нарындын реанимация бөлүмүндө айрым дарыгерлер бир нече жерде иштеп, дежурстволорду бөлүшүү менен абалды кармап турушат. Ал арада жаш кадрлар борбор калаага же чет өлкөгө кетип, аймак медицинасы күн санап кадр кризисине кептелүүдө.
«Айрыкча жаш врачтар бул айлык менен жашоосун камсыздай албай, жакшы шарт издеп борбор калаага же чет өлкөлөргө кетип жатышат. Акыркы 8 жыл ичинде биздин бөлүмдөн 4 дарыгер Германияга кеткен. Бир себеби — айлыктын аздыгы, экинчи себеби — билим деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө.
Мындан сырткары, жаш дарыгерлер жеке менчик клиникаларга да кетүүдө, анткени ал жакта төлөм бир кыйла жогору. Россияга да агылгандар көп. Бизде, мисалы, 2 ставка менен болгону 40 миң сом алышса, Россияда 1 гана ставка менен 140 миң рублга чейин айлык алышат. Мындан тышкары, ар кварталда кошумча төлөмдөр берилет.
Мунун баары — биздин кадрлардын четке кетүүсүнө себеп. Врачтар иштин оордугуна, кадр жетишсиздигине карабай, күн-түн эмгектенип жатышат. Бирок чарчап калышты. Келген интерндерди, клиникалык ординаторлорду кайрадан окутуп, аларга жардам берип жатабыз. Биздин тилек — жаш кадрлар көбүрөөк келсе экен!
Азыркы учурда Нарын облусу боюнча 141 дарыгер жетишпейт. Жаштар аз, орто жаштан өйдө жашап калган, пенсия жашына жакындаган врачтар гана иштеп жатышат. Бул — чоң коңгуроо. Врач жетишсиздиги — элдин саламаттыгына түздөн-түз коркунуч жарата турган көйгөй.
Министр келгенде эле биздин эң башкы көйгөйлөрдү ачык айттык. Врачтардын жетишсиздиги — бүгүнкү күндүн курч маселеси. Жардам көрөбүзбү, дарыгерлер келет бекен — азырынча так жообу жок. Бирок абал күндөн-күнгө оорлоп баратат», - дейт Жыргалбек Аалиев.
Дарыгердин жашы маанилүү эмес — алардын кесипкөйлүгү жана эмгеги баалуу. Жаш адистер да күнү-түнү эмгектенип, бейтаптарга жардам көрсөтүп жатышат. Аларга урмат-сыйды көрсөтүү — сапаттуу медицина үчүн зарыл шарт.
«Эл ар дайым дарыгерден акылдуу, тажрыйбалуу болууну күтөт. Бирок жаш дарыгер деле — дарыгер. Ал мүмкүн жаш, бирок 9 жыл бою дарыгер болом деп талыкпай окуган эмгеги бар. Күн-түн дебей иштеп, жардам берип жатса, ага да татыктуу мамиле керек. Аны кемсинтип, урмат-сый көрсөтпөсөк, ал да сынат. Бул жагын да эске алышыбыз керек.
Көпчүлүк билбейт: дарыгердин расмий, туруктуу айлыгы — болгону 16 500 сом (1 ставка үчүн). Жаңы бүткөн жаш дарыгер болсо, бийик тоолуу аймак коэффициенти кошулуп, болгону 15 миң сом алат. Бул — реалдуулук.
Жеке менчик клиникаларда же чет өлкөлөрдө абал таптакыр башка. Европа же Америкада врачтар — эң жогорку айлык алган адистердин катарында. Өзгөчө реаниматологдор — урмат-сыйы, маянасы менен өз ордун тапкан.
Ал эми бизде болсо, дарыгерлер кыйналып иштеп жатышат. Мисалы, мугалим 86 саат иштесе — 1 ставка деп эсептелсе, врач 164 саат иштейт — ошол эле 1 ставка. Эки эсе көп иштеп, мугалимден аз айлык алабыз. Бул жерде адилеттүүлүк кайда? Өкмөт бул маселени дагы бир ирет терең ойлонушу керек эле.
Дарыгерлер үй бетин көрбөй, суткалап иштешет. Бирок алган айлыгы — ошол. Учурда бөлүмдө болгону 5 дарыгер бар. Бул оор жүктү көтөрүүгө өтө аз», - деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.