Turmush — Быйыл Каракол шаарында 23 миң 500 көчөт тигилет. Бул тууралуу «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жаныбек Абдымомунов билдирди.
Анын айтымында, шаардын көчөлөрүнө, бакчаларга жана питомниктерге түрдүү карагайлар, теректер олтургузулат.
«Питомниктерден сырткары шаар ичине 11 миңге жакын көчөт тигилет. Анын ичинен 1200 ийне жалбырактуу, 9700 жазы жалбырактуу көчөттөр болот. Шаар ичине тигилген көчөттөр менен катар питомниктерге да көчөттөр олтургузулат. Анткени өзүңөр билгендей бардык аракеттерге карабай айрым учурда көчөттөр өспөй калат. Анткени көп шарттар бар. Айрым учурда мал тепсеп салса, кээде тургундар эле сындырып салган учурлар болот», - деди ал.
Быйыл шаардын Ажике Кутманалиев көчөсүнө бойлой 400 өрүк тигилет.
«Анда демөөрчүлөр жардам кылып, 800 көчөт беришти. Анын 400 ошол көчөгө, калган жарымы биздин питомникке тигилди. Өрүк гүлдөгөн кезде бул көчө толугу менен гүлдөп, кыргыз сакурасына айланат деп тилек кылып жатабыз. Ошондой эле шаардын аймагында быйыл питомниктердин гектарын 1 гектарга көбөйттүк. Жалпы 8 гектар жерде биздин питомниктер жайгашкан», - деди ишкана жетекчиси.
Аны менен катар шаарга быйыл 120 миң гүл даярдалууда. Анда көп жылдык жана 1 жылдык гүлдүн 8 түрү себилет.
«Гүлдөрдү быйыл өзүбүздүн күнөсканадан өстүрдүк. Алар шаардын аймагында бакчаларга, жол жээктерине тигилет», - деди ал.