Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда айдап-себүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бактияр Абдылдабеков билдирди.
Анын айтымында, жалпы район боюнча дан эгиндери 17515,0 гектарга эгилип, 2024-жылга салыштырмалуу 535 гектарга көбөйүүсү күтүлүүдө.
Жалпы:
- жашылча 900 гектар;
- картошка 4665 гектар;
- тоют үчүн жүгөрү 1035 гектар;
- кѳп жылдык чѳп 16007,3 гектар;
- үлүш айдоо сугат жерлериндеги алма-бак 2653,6 гектарды түзөт.
Ошондой эле 6759 гектарга жаздык буудай, 8860 гектарга жаздык арпа, 95 гектарга дан буурчак себүү пландаштырылууда.