Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагында 2024-жылы бир катар социалдык мекемелер пайдаланууга берилип, таза суу чыгарылып, жол салынып, жана башка инфратүзүмдүк шарттар жакшырды.
Жыл аягында «Биримдик» муниципалдык ишканага жаңы унаалар алынып, жалпы 5 оор техника саланаттуу түрдө тапшырылды. Райондук өнүктүрүү фондунан жана аймактык административдик бирдиктин алкагындагы пилоттук программанын негизинде грейдер, "Howo", экскаватор, таштанды чыгаруучу унаа жана бир оор техника алынды.
Калкынын саны боюнча эң чоң айыл аймак деп эсептелген Каркырада 11 айыл камтылып, 20 миң 498 адам жашайт.
Жылуу-Булак айылында жергиликтүүлөрдүн негизги көйгөйү катары таза суу маселеси эсептелинип келген. Ичүүчү суунун долбоору 2022-жылы башталып, жалпы 54 млн 385 миӊ сомго курулду. Элетте 1739 адам жашаса, тургундардын 80 пайызына суу жеткен эмес. Бүгүнкү күнгө чейин айрымдары сууну аралыктан ташып колдонсо, көпчүлүгү арыктан агын сууну ичүүгө аргасыз болчу. Мындан улам ден соолукка терс таасирин тийгизүүчү оорунун түрү козголуп, адам өмүрүнө да коркунуч жараткан учурлар болгонун жергиликтүүлөр белгилешти.
«Жылуу-Булак айылына советтер союзунун мезгилинде ичүүчү суу кирген. Деген менен 30 жыл аралыгында калкыбыздын саны өсүп, кыштагыбыз чоӊ айылга айланды. Мындан улам элеттегилердин 20 пайызына гана суу түтүк жеткен. Ал эми калгандарыбыз көп жылдан бери сууну аралыктан ташып, кээде арыктан тундуруп колдонууга туура келчү. Албетте, ден соолукка терс кедергисин тийгизбей койбойт. Асты боор куртуна чалдыгып, альвеококкоз илдетин тапты. Эми бул көйгөйдүн баары артта калып, ар бир үй шаӊга бөлөнүп, кубанып турган маалы. Мында таза сууну ар бир кожолук тартып кирип, турак жайларына ички санузел, кир жуучу машиналарды орнотуп, өнүгүү жолундабыз десек жаӊылышпайбыз», - дешет жергиликтүүлөр.
Жылуу-Булак айылындагы инфраструктуралык жылыштын бир бөлүгү болуп саналган таза сууну камсыздоо «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында, АРИС уюму тарабынан жүзөгө ашты.
Бардык чыгымдар дүйнөлүк банк аркылуу каржыланып, «Минур» ЖЧКсы тарабынан мурдагы иштеп жатан скважина реабилитацияланып, 120 метр тереӊдиктен скважинага суу тартылды. Жалпы сыйымдуулугу 100 метр кубду түзгөн 2 резервуардан айыл ичине 16 миӊ 242,9 метр аралыкка суу жеткирилди. Мындан сырткары, резервуар жайгашкан аянт тосулуп, сууну жугушсуздандыруучу имарат, ажааткана жана кол жуучу жай орнотулду.
Муну менен катар жергиликтүү тургундар менен алыскы жайыттарга каттаган малчылар үчүн эң маанилүү деп эсептелген эл аралык Түп—Кеген жолунун курулушунун 80 пайызына асфальт басылды.
Долбоорго ылайык, эл аралык маанидеги жолдун сыйымдуулугу 3-категориядагы эки тилкеден туруп, 11,5 тоннага чейин жүк ташып өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эл аралык компаниянын көзөмөл жүргүзүүчү өкүлү Султан Сарыбагышовдун айтымында, «China Poad and Bridge Corporation» подрядчы компаниясы 2024-жылдын эсебине Түп—Кеген жолунун 39-76-чакырымына чейинки аралыктын 28 чакырымын асфальттап, ошондой эле 2-лотко кирген Каркыра, Чар-Кудук жайлоосуна чейинки 13 чакырымды толугу менен капиталдык курулуш жасады. Калктуу конуштарга эки тараптуу тротуар, аялдама, унаа токтотуучу жайды камтуу менен жол белгилерин орнотту. Ал арада жол чийиндер сызылып, келерки жылы аткарыла турган жумуштун аз бөлүгү калган.
«2025-жылы эл аралык жолдун 9 чакырымы асфальтталат. Муну менен катар жол чийиндер чийилип, коопсуздук белгилер, жарыктандыруу тутуму орнотулат. Быйыл аталган 9 чакырым аралыктын топурак, шагыл жумуштарын толугу менен аяктоого үлгүрдүк. Ал эми Сары-Жаз жайлоосуна кетчү Чар-Кудук, Каркыранын ички жолдорунун курулушу толук бүттү. Келерки жылы күн жылыган мезгилден тарта жарыктандыруу орнотобуз жана Түп—Кеген жолунун курулушу жанданып, 2025-жылдын июль айында эксплуатацияга берилет», - деди С.Сарыбагышов.
Ал арада өлкө эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Каркыра айыл аймагында социалдык 4 мекеме ишке берилди.
Элеттеги өнөр адамдары менен жергиликтүүлөрдүн көптөн күткөн Талды-Суу айылындагы эки кабаттуу маданият үйүнүн концерттик залы 220 орунга ылайыкталып курулган имарат эшигин ачты.
Социалдык мекеменин пайдубалы 2013-2014-жылы башталып, жалпы 33 миллион 500 миӊ сомго ички жасалгасы менен курулушу аяктаган маданият үйүнө белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиевдин ысымы ыйгарылды.
Ушундай эле саамалык Байзак жана Кеӊ-Суу айылында дагы коштолуп, 100 орундуу бала бакча бөбөктөргө эшигин ачты.
«Жаш-Тилек» жана «Көл-Төр» бала бакчасы алгачкы жолу уюшулуп, республикалык казынадан каржыланды. Мектепке чейинки тарбия берүүчү жайда 4 тайпа камтылып, ички жана сырткы балдар ойноочу аянтчасы, музыкалык класс, жуунучу жай сыяктуу заманбап шарттар түзүлдү.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылган 100 объектинин катарындагы Кеӊ-Суудагы Т.Сыдыкбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин алдына курулуп жаткан спорттук стадиондун ачылышына тасма кесилди. Узуну 100 метр, туурасы 60 метрди түзгөн спорттук аянтка жарыктандыруу жана чуркоочу жол, көрүүчүлөр жайы камтылды.
Ал арада шаарчага айланган Какыра жайлоосунда туризм жанданып, чакан айылдын инфратүзүмдүк шарты жакшырды.
Деӊиз деӊгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан Түп районундагы Каркыра айылында 2024-жылы кичи футбол аянтча ачылып, 150 орундуу эки кабаттуу жаӊы мектептин курулушу жүрүүдө.
Элетте кыш мезгили 7 айга созулуп, жалпы 42 кожолук туруктуу жашайт. Ал эми жай мезгилинде жергиликтүүлөрдүн саны мындан да арбын болот. Чек ара айылында соӊку жылдардан бери чоӊ өзгөрүү болуп, жайкысын бээ сүтү менен ден соолукту чыӊдаган эс алуучулардын агымы көбөйүп, жеӊил конструкция менен конок үйлөр салына баштаганын Каракыра айыл аймагынын башчысы Рустам Черикбаев төмөнкүлөргө токтолду.
«Бийик тоолуу аймакка кирген Каркыра жайлоосу бул ата-бабалар басып өткөн тарыхый жер деп айтып, ар дайым сыймыктанып келебиз. Советтер союзу тарагандан кийин айылыбыз чакан кыштакка айланып, мал чарбачылыгы менен турмуш уланып келген. Мына акыркы 2 жылдан бери Түп—Кеген жолу реконструкцияланып, жайлоого каттаган туристтердин агымы көбөйө баштады. Мүмкүнчүлүккө жараша жеӊил конструкция менен конок үйлөр курулуп, ички жана сырттан келген туристтерди кабыл алууда. Жылда келген эс алуучулар сүт ичип, ат минип таза абада сейилдеп көӊүлдүү эс алып кеткени бизди да кубандырат. Келечекте тоо лыжа база курулса, өсүп келе жаткан жаштар жумуш орду менен камсыздалып, кичи мекенибиздин социалдык, экономикалык абалы алдыга жылат. Каркыра айылынын тургундары үчүн бардык муктаждыктар чечилип келе жатат. Алдыда мектеп ишке берилсе, бала бакчанын курулушу калат»,-деди Р.Черикбаев.

Түп району боюнча эӊ чоӊ долбоордун бири болуп эсептелген тоо лыжа база ишке кирсе 4 мезгил бою эс алуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетет. Ал арада Каркыра айылы этно-шаарчага айланып, жашоочулардын саны көбөйөрү күтүлүүдө.
«"Жол оңолсо, иш оңолот" дегендей, Каркыра жайлоосунун жолдору салынып, аялдама, жарыктандыруу системасы кирүү алдында турат. Туризмди өнүктүрүү үчүн чет мамлекеттен келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарт түзүү аракетиндебиз. Бул багытта Каркыра айылынын да муктаждыктары чечилип келе жатат. 2023-жылы таза суу кирген, электр жарыгы, интернет түйүнү туташтырылган. 2025-жылы жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, бала бакча маселеси гана калат. Учурда жер мунапысы боюнча такталып, бөлүштүрүлүүдө. Жер тилкеге ээ болгондор келечекте турак жай курса, чакан айылыбыз этно-шаарчага айланат», - дейт район акими Каныбек Адиев.
