Turmush — Жазгы майрамдар келе жаткандыктан Каракол шаарынын тургуну Адинай Турдубекова кызуу даярдык көрүүдө. Ал ысык-көлдүктөрдү өз колу менен жасаган гүлү менен суктандырып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Адинай Турдубекова 1999-жылы 15-ноябрда жарыкка келген. Кесиби боюнча бухгалтер. Учурда жолдошу менен биргеликте 2 кызды тарбиялап-өстүрүүдө.
«Улуу кызым 2 жарым жашта, кичүүсүнө 9 ай болду. Кыздарымды карап, үйдө отурган кезде көптөн берки кыялымды ишке ашырып отурам. Бала кезимден эле гүлгө абдан жакын болдум. Анын кооздугу, аңкыган жыпар жыты мага эң жакын сезилчү. Бирок баарынан да өкүнүчтүүсү гүлдү үйгө алып келген соң, 3 күндө соолуп калчу. Ушундан улам өзгөчө ыкма менен 4 жылга чейин сактоого боло турчу гүлдөрдү жасоону чечтим», - деди ал.
Каарманыбыздын гүлдөрү самындан жасалат. Гүлгө ар түрдүү жыпар жытты, түстү берип, кооздоп жасайт. Башкысы ал гүлдөрдү самын катары колдонуп, жуунуга болот.
«Гүлдөрдүн курамына химиялык заттарды кошпойм. Ошондуктан ал териге аллергия өңдүү илдеттерди чакырбайт», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Threads — подпишись!