Turmush — Ысык-Көл районунун Тасма айылынын 29 жаштагы тургуну Талантбек кызы Айсулуу кол өнөрчүлүк менен алектенип акча табууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келгем. И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинде билим алдым. Ысык-Көлдүн Тасма айылына келин болуп келип, учурда үй-бүлөм менен ушул жерде жашайм.
Кичинекей кезимде эле кол өнөрчүлүккө кызыгып, килемче токуй баштадым. Бул жаатты дагы да онлайн сабагы аркылуу өздөштүрүп, баштык токуганды үйрөндүм. Тик-Ток тиркемеси аркылуу Бишкек шаарынын тургуну Бурулсун эже менен таанышып калып, онлайн сабагына 1000 сом төлөп, баштык токуганды үйрөндүм.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Новости на кыргызском языке в сети Х — подпишись!